Талас облусундагы шайлоочулардын 51,9 пайызы добуш беришти

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоочу бюллетеньди урнага салып жатат. Архив
Шайлоочу бюллетеньди урнага салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечки саат алтыга алынган маалымат боюнча, Талас облусунда 63 миң 782 киши добуш берди.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кечки саат 6.00гө алынган маалымат боюнча, Талас облусунун 63 миң 782 киши добуш берди. Бул шайлоочулардын 51,9 пайызын түзөрүн өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынын жетекчиси Мухамеджан Суранчиев билдирди.

Шайлоо участкасындагы шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: саат 16.00гө карата шайлоочулардын 37,9 пайызы добуш берди
Бүгүн өлкө аймагында парламенттик шайлоо өтүп, ага 14 саясий партия ат салышууда.

Маалымат кызматынын жетекчисинын айтымында, Талас облусунун аймагында Казакстандан келген эл аралык байкоочулар шайлоонун жүрүшүнө жакшы деген баасын берген.

Учурда облустагы шайлоочулардын саны 122 983 жаран. Шайлоого карата региондо 116 шайлоо участогу ачылган.

Парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу Sputnik инфографикасындfyкөрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0