БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагындагылар ишемби күнү, 3-октябрда добуш беришкенин аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, көчмө комиссия келип добуштарды алып кеткен. Саясий партиялардын, көз карандысыз уюмдардын байкоочулары абак жайларындагы шайлоонун жүрүшүнө көз салган.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жеке курамы да уюшкандык менен добуш берүүгө катышты. Аталган кызматтын өкүлдөрү шайлоо учурунда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.