Куала-Лумпурдагы элчиликте кыргызстандык алгачкы шайлоочулар добуш беришти

© пресс-служба посольства КР В МалайзииВ Малайзии уже проголосовали 20 процентов проживающих там кыргызстанцев
В Малайзии уже проголосовали 20 процентов проживающих там кыргызстанцев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн аталган элчиликте ачылган шайлоо участогунда бардыгы болуп 62 кыргызстандык жаран добуш берет.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Малайзиянын Куала-Лумпур шаарындагы КРдин элчилигинин имаратында ачылган шайлоо участогунда добуш берүү башталды.

"Шайлоо участогу ачылгандан кийин 35 мүнөт ичинде 12 адам келип добуш берди", — деп билдиришти элчиликтен. 

Бүгүн аталган элчиликте ачылган шайлоо участогунда жалпысы болуп 62 адам добуш берет.

Кыргызстанда эртең мененки саат 08.00дө өлкө аймагындагы 2 миң 374 шайлоо участкалары ачылып иштей баштады.

Шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырган 2 миллион 761 миң 269 шайлоочу катышат. Бул шайлоодо 14 саясий партия ат салышууда.

2015-жылы Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордун жүрүшү туурасында Sputnik маалымат агенттигинин атайын долбоорунан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0