Сариев: элдин азык-түлүктү пайдалануу маданиятын өзгөртүү керек

© Sputnik / Андрей Иглов / Медиабанкка өтүүНан азыктары. Архив
Нан азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Кыргызстан бүгүнкү күндө өзүн азык-түлүктүн тогуз негизги түрүнүн үчөөсү менен гана камсыздай ала турганын белгиледи.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандыктардын азык-түлүктү пайдалануу маданиятын өзгөртүү керектигин премьер-министр Темир Сариев азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо боюнча программа кабыл алынган кеңешмеде билдирди. 

Сариевдин айтымында, учурда Кыргызстан өзүн тамак-аштын тогуз негизги түрүнүн үчөөсү менен гана камсыздайт.

"Негизги азыктарга нан, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө, эт, сүт, кант, жумуртка жана суу май кирет. Башкы максат — азык-түлүктү пайдалануу маданиятын өзгөртүү. Биз сүт продукциясын, жер-жемиштерди аз пайдаланабыз. Ошол эле учурда өз каражатыбыздын 63 пайызын тамак-ашка жумшайбыз", — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы тийиштүү органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бейөкмөт уюмдар жана бизнес-коомчулук менен биргелешип, аталган программа тарабынан аныкталган милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарышы керектигин белгиледи. 

"Бул үчүн бардык шарттар бар. Учурда биз ар-бир аймакта 3-4 күнөскана ачуудабыз, алардан түшкөн кирешелер 10 эсеге жогорулатылышы зарыл. Өткөн жылы өкмөт 5,6 миллиард сом субсидияланган кредит берди. Быйылкы жылы бул көлөмдү 15 миллиард сомго дейре жеткиребиз. Тамчылатып сугаруу программасы иштелип чыкты, ал өзүнүн жемишин берүүдө", — деп кошумчалады Сариев.

Аталган программа 2015-2017-жылдарга карата атайы мекеме аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0