БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстан-Кытай чек арасы 1-7-октябрь күндөрү жабык болот деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы. Чек араны жабууну Кытай тарап КЭРдин түзүлгөн күнүнө карата демилгелеген.
Чек арадагы "Торугарт" жана "Эркечтам" текшерип-өткөрүү жайлары жети күнг иштебейт, ал эми 8-октябрдан тарта каттам кайра ачылып, өз ишин улантат.