Жолдор облустар ортосунда экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө түзөт

Жазылуу
Мамлекет башчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор жана Жумгал райондоруна да барып, жергиликтүү эл менен жолукту.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Алмазбек Атамбаев жакыңкы жылдары Нарын облусу толук кандуу транспорттук борборго айлана турганын Нарын облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди.

Мамлекет башчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор жана Жумгал райондоруна да барып, жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди.

Атамбаев: жолдору салынып бүткөндөн кийин Нарын Кыргызстандын транспорт борборуна айланат
Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы өлкөнүн өнүгүшү үчүн зор мааниге ээ болгон ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык долбоорлор туурасында айтып берди. Атап айтканда Бишкек – Нарын – Торугарт жана Бишкек – Балыкчы – Казарман автожолдору региондун гана эмес, жалпы өлкөнүн өнүгүшү үчүн шарттарды түзөт деди Атамбаев.

Президент андан сырткары өлкө үчүн жолдор зор мааниге ээ экендигин, региондор жана облустар ортосунда экономикалык өз ара кызматташууну тереңдетүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. 

Мамлекет башчысы ошондой эле өлкөнүн энергетикалык системасын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган долбоорлордун ишке ашырылышына дагы токтолуп кетти. Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын жана Кара-Кече кениндеги жылуулук электр станциясынын пайдаланууга берилиши өлкөдөгү электроэнергияга болгон тартыштыкты жоюу менен бирге, башка мамлекеттерге жакшы баада электрди экспорттоого мүмкүнчүлүк бере турганын өлкө башчысы баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0