БШК шайлоочулардын так санын атады

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоочунун паспорту жана маалыматтары. Архив
Шайлоочунун паспорту жана маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттик шайлоодо 20-августка чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырган кыргызстандыктар гана добуш бере алат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарын тапшырган эки миллион 761 миң 297 шайлоочу бар деп билдирди БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйынында. 

Анын айтымында, Ош шаарында 27 миң, ал эми Бишкек шаарында 70 миң добуш берүүчү кошумча шайлоо участокторунда катталган. 

"Бардыгы болуп Бишкекте кошумча 39, ал эми Ош шаарында кошумча жети шайлоо участоктору ачылды", — деди Абдраимов.

Парламенттик шайлоо Кыргызстанда бул жекшембиде өтөт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына 14 саясий партия ат салышып жатат. Өлкө боюнча 4-октябрда 2374 шайлоо участоктору иштемекчи. Дагы 36сы чет өлкөлөрдө ачылып, ал жактагы кыргызстандыктар добуш берет. Бул сапаркы добуш берүүгө 20-августка чейин биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар укуктуу болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0