Ноокаттагы медреседе кыз-келиндерди окутуу мүмкүнчүлүгү жаралды

© Фото / пресс-служба Ошского областного казыятаОш аймагынын Ноокат районундагы ислам динин терең үйрөтүү максатында жергиликтүү медреседе аялдар бөлүмү ачылды.
Ош аймагынын Ноокат районундагы ислам динин терең үйрөтүү максатында жергиликтүү медреседе аялдар бөлүмү ачылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ИИМдин 10-Башкармалыгы экстремисттик иш-аракеттерге аялдар катышкан учурлар көп кездеше баштагандыгын билдирген.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош аймагынын Ноокат районундагы ынтызар болгон кыз-келиндерге ислам динин терең үйрөтүү максатында жергиликтүү медреседе аялдар бөлүмү ачылды. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлайт. 

Анын ачылышына катышкан Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мусулман аялзатынын ислам таануусуна чоң өбөлгө болорун айтты.

Медреселерди ИИМ менен УКМК текшерет
Буга чейин ИИМдин 10-Башкармалыгы экстремисттик иш-аракеттерге аялдар катышкан учурлар көп кездеше баштагандыгын, өлкөдөгү экстремимзге катыштыгы барлардын 23 пайызын кыз-келиндер түзөрүн билдирген.

Бул жаатта учурда башкалар менен катар эле кыз-келиндерге да салттуу ислам динин радикалдык багыттагы агымдардан ажыратуу боюнча окутуу иштерин жүргүзүү зарылдыгы турат. 

Аталган медреседе буга чейин эркек балдар окуп келсе, азыркы 3-кабаттуу имаратта 200 орундуу кыз-келиндер бөлүмү өзүнчө ачылды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0