Сарпашев: шайлоонун жүрүшү жарандарды идентификациялоочу оператордон көз каранды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖарандарды идентификациялоо. Архив
Жарандарды идентификациялоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер шайлоочу манжа издеринен тышкары жарандын ПИН-номери аркылуу добуш бере аларын белгиледи. Бул учурда монитордо шайлоочунун сүрөтү жана ал тууралуу маалымат пайда болот.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Шайлоонун жүрүшү добуш берүүчүнү биометрикалык идентификациядан өткөрүүчү оператордун ишиешине жараша болорун биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев билдирди.

Шайлоого карата республика боюнча 10 миң оператор атайы окуудан өтөт
Маалыматка ылайык, Сарпашев бүгүн, 29-сентябрда операторлордун тийиштүү материалдар менен камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоевдин айтымында, республика боюнча 10 миң оператордун баары атайын окуудан өтүп, тажрыйбага ээ болушту. Мындан тышкары, Догоев маалыматтык материалдар иштелип чыкканын, алар жабдуу менен кошо жеткирилерин кошумчалады.

Сарпашев шайлоочу манжа издеринен тышкары жарандын ПИН-номери аркылуу добуш бере аларын белгиледи. Бул учурда монитордо шайлоочунун сүрөтү жана ал тууралуу маалымат пайда болот.

"Үч миңден ашуун шайлоочу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар экенин унутпоо керек. Арал албетте ПИН-номер аркылуу добуш берет. Дүйнө жүзү боюнча ПИН-номер аркылуу шайлоочуну идентификациялоо 4-10 пайызды түзөт", — деди атка минер.

Биринчи вице-премьер шайлоочуларды манжа издери аркылуу идентификациялоо негизинен жарандардын жеке өзгөчөлүгүнө, жабдуулардын технологиясына жана оператордун тажрыйбалуулугуна байланыштуу болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0