Ош шаарында 50 мектеп интернетке туташтырылды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКомпьютер клавиатурасы. Архив
Компьютер клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ош шаарынын мектептериндеги 62 компьютердик класстарда 883 компьютер орнотулган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Түштүк борбордогу 50 мектеп интернетке туташтырылып, дагы алтоосу жылдын аягына чейин толук кошулуп бүтөт. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Учурда Ош шаарынын мектептериндеги 62 компьютердик класстарда 883 компьютер орнотулган. Интернет орнотууга кеткен каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн жана ата-энелер көмөк көрсөткөн. 

"Интернетти туура пайдалану менен биз билим берүүнүн деңгээлин жогорулата алабыз. Эгерде замандын агымына жараша болуп, мезгил талаптарына жооп бербесек, жакшы натыйжага жетпейбиз. Андыктан, жаңычылыктарды издеп жана өздөштүрүп турушубуз керек", — деп билдирген Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов. 

Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы аталган министрлик тарабынан өлкөдөгү мектептерге жылына 500 компьютерден бөлүнүп турарын маалымдады.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0