Кыргызстандын окумуштуулары шайлоону тынч өткөрүү боюнча кайрылуу жасашты

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын шайлоо участкасында. Архив
Кыргызстандын шайлоо участкасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, КРнын окумуштууларынын союзу тарабынан коомчулукка жолдонгон.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү шайлоо алдында саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана элге кайрылуу менен чыгып, шайлоонун жыйынтыгын татыктуу кабыл алуу зарылдыгын айтты. Бул туурасында Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Алар кайрылууда коомчулукту мамлекеттин өсүп-өнүгүшү үчүн ынтымыкка чакырарын айтышкан. 

"Бүгүнкү күндө идеология жөнөкөй жана элди биримдикке чакыра тургандай болушу керек: ар ким өз ишмердигинде бир гана таза шайлоо үчүн иш жүргүзүп, фальсификацияга каршы турууга тийиш. Бул жерде кеп эркин жана калыс тандоо жүргүзүү институту жөнүндө, шайлоо укугу тууралуу жүрүп жатат", — деп айтылат кайрылууда. 

Кыргызстандын окумуштуулары депутаттардын кол тийбестигин алып салууга, коррупция менен аёосуз күрөшүүгө багытталган идеяларды колдоорун билдиришкен.

"Биз шайлоочулардын добушун алууга күрөшүп жатышкан бардык партияларды өлкөбүздүн кызыкчылыгына зыяны тие турган иш-аракеттерден, пикир келишпестиктерден оолак болууга чакырабыз, антпесе, өлкөбүздүн буга чейинки дүйнөлүк коомчулуктагы алган ордуна, жетишилген саясий ийгиликтерине доо кетирип алышыбыз мүмкүн", — деп айтышкан окумуштуулар. 

Кайрылууда Кыргызстандын окумуштуулары өлкөбүздүн элдерин биримдикке чакырган, илим жана билимдин өнүгүшүнө жардам берген саясий партияларды колдой турганын айтышкан.

"Айрым бир партиялардын амбициясынын жана таарынычынын айынан кайрадан тополоңдордун болушуна жол бербешибиз керек. Шайлоонун жыйынтыгын татыктуу кабыл алуу зарыл", — деп жазылган кайрылууда.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген. Ага 14 саясий партиянын катышуусу күтүлүүдө. Кыргызстандын 2,8 миллион жашоочусу добуш берүү укугуна ээ.

Жаңылыктар түрмөгү
0