Сариев Исмаевдин үй-бүлөсүнө убада кылынган 100 миң сомду бөлүп берди

Жазылуу
Сариев Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге тез арада үй-бүлө үчүн жөлөк пул төлөө боюнча бардык аракеттерди көрүүнү, ал эми жергиликтүү бийлик органдарына Исмаевдин балдары үчүн бала бакча төлөмүн 50 пайызга кыскартуу жагын караштырууну тапшырган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Мүмкүнчүлүгү чектелген кызды куткарып, өзү чөгүп кеткен Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө премьер-министр Темир Сариев тарабынан убадаланган 100 миң сом жеткирип берилгенин өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди.

Курман айт күнү премьер-министр Исмаевдин үй-бүлөсүнө барып, өкмөттүн жана жеке өзүнүн атынан 110 миң сом тапшырып, кышкыга кийим-кече жана үйдүн ремонту үчүн кошумча дагы 100 миң сом берерин айткан.

Премьер-министр Темир Сариев майып кызды куткарам деп чөгүп кеткен Исмаевдин үйүнө барды
Сариев Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевге тез арада үй-бүлө үчүн жөлөк пул төлөө боюнча бардык аракеттерди көрүүнү, ал эми жергиликтүү бийлик органдарына Исмаевдин балдары үчүн бала бакча төлөмүн 50 пайызга кыскартуу жагын караштырууну тапшырган.

Ахмедованын айтымында, дүйшөмбү күнү берилген каражатка жашаган үйдү ремонттоп, кышка карата балдарга кийим-кече алып берүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Кырсык 17-августта Ысык-Көлдүн Григорьевка айылында болгон. Көл жээгинде майып кыздын сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Кызды куткарып, өзү чөгүп кеткен Памирдин сөөгү сегиз күндөн кийин табылган. Исмаевдин артында төрт баласы жана ай-күнүнө жетип турган келинчеги калды. 

Буга чейин Исмаевдин энесин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Каарман" төш белгиси менен сыйлаганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0