Вице-мэр: Ош шаарына жакынкы айылдардан келген каттамдардын маселесин чечүүнү карап жатабыз

© Айбек БаратовАсфальт жол. Архив
Асфальт жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Ош шаардык мэриясынын вице-мэри Кутманалы Абдырахман уулу менен байланышып, редакцияга кайрылган Ош шаарынын айдоочуларынын биринин суроосуна жооп алып берди.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ош шаарындагы маршурттук автокаттамдын айдоочуларынын бири аталган калаадагы автокыймыл №2 мамлекеттик автобекет аркылуу жүрө баштагандан тарта бир катар кыйынчылыктар жаралганын, аны чечип берүү боюнча мэрияга кайрылуу майнапсыз болуп жатканын айтып редакцияга Whats App аркылуу маалымат жөнөткөн.

Кайрылууда шаарга жакын айылдардан келген студенттер Батыш кичи районунда түшүп калып, кайра транспортко отуруп жаткандыктан, жол кире автоматтык түрдө 20 сомго чыгып кеткендиги айтылат. 

"Маршурттук каттамдын айдоочулары жаңы автобекеттен келгенче, Батыш кичи районунда таксилер жүргүнчүлөрдү алып кетип калууда. Биз ортодо кардар жок калып, куру иштеп жатабыз. Элди мыйзамсыз ташыгандарды токтотуу үчүн коюлган жоокерлер деле көзөмөлдөй алган жок. Дагы бир өтүнүч, Гүлбаар айылынан келген каттамды Гапар Айтиев, Араван көчөсү менен автотресс аркылуу жаңы автобекетке өтө турган схема түзүп берсе жакшы болот эле", — деп жазган автокаттамдын айдоочуларынын бири Сабыр Матиев.

Бул боюнча Sputnik Ош шаардык мэриясынын вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулуна кайрылып, суроолорго жооп алды.

"Учурда шаардын сыртынан келгендер автобекетке түшүп калат да, калаанын бардык кичи райондоруна, кайсы бөлүгү болбосун, башкага отуруп, анан кийинкисине түшпөй эле түз жетип алуу мүмкүнчүлүгү бар. Болгону – бир аз убакыт кетиши мүмкүн. Ал эми кошумча чыгым болуп жатабыз деген доомат негизсиз", — деп жооп берди вице-мэр Кутманалы Абдырахман уулу.

Вице-мэр жүргүнчүлөрдү орто жолдон алып кетип жатат деген маселе боюнча күч кызматкерлеринин жардамы менен иш алып барып жаткандыктарын билдирди. 

"Күнүгө эртең мененки саат жетиге кечки саат сегизге чейин 13 жерде жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташуулардын токтотуу боюнча иш жүрүүдө. Тилекке каршы, башка жерден барып, уурданып, адамдарды чогултуп, жүргүнчүнү башаламан ташууга аракет кылган фактылар бар, бирок, бул массалык көрүнүшкө ээ эмес. Бул боюнча иштеп жатабыз", — деди ал. 

Ал эми үчүнчү маселе — бир катар каттамдарды шаар ичи менен жүргүзүү бир эле эмес, бир нече тараптардын өтүнүчү экен. Вице-мэрдин айтымында, учурда бул маселе каралып, балким, оң жагына чечилип калуу ыктымалдыгы бар экен. 

"Шаардын ичи, Араван көчөсү менен жүрүү боюнча аныкталган бир багыт менен кыймыл уюштуруу суранычтары сырткы тогуз каттамдан келип түшкөн. Булар шаардан сырткаркы 25 чакырым аралыктан келген, күндөлүк жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттар. Бул суроо-талапты автобекетти көчүрүү боюнча штабдын кийинки жумадагы отурумунда карап чыгып, анан бир чечим айтабыз. Учурда бардык жагын караштырып жатабыз, бул маселени оң чечүүгө да аракет кылышыбыз мүмкүн", — деди ал.

Вице-мэр бул маселе боюнча Ош шаардын батыш жагынан үч, чыгыш жагынан алты маршруттун ээлери кайрылгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0