Кыргызстанда киши өлтүрүү, зордуктоо азайды

Жазылуу
Бирок киши тоноо, уурулук жана ээн баштык көбөйгөн.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда зордуктоого, киши өлтүрүүгө жана бирөөнүн ден соолугуна зыян келтирүүгө байланышкан кылмыштар азыраак катталды деп айтылат Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, быйылкы жылдын январь-август айларында 207 сексуалдык кордук көрсөтүү, 198 киши өлтүрүү жана 122 уруп-сабоо катталган.

Тапанча кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң кылмыштуу аймактары
Бирок жеке менчикке каршы кылмыштардын саны сегиз ай ичинде 12 миңге жакын болгон. Тагыраак айтканда, кыргызстандыктар элди мурдагыдан көп тоноп, мал уурдап, алдамчылык кылышкан.

Ээн баштык кылган жарандардын саны өсүп, ал 1691ге жеткени да белгиленет. Бул былтыркы ушул мезгилге караганда 20 пайызга көп.

Ал эми паракорчулукка жана баңги сатууга байланышкан кылмыштардын саны өзгөргөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0