Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 565 гектар жер бөлүп берилди

Жазылуу
ГЭСтер каскадын курууга буга чейин үчүнчү баскыч менен 1338 гектар жер бөлүнгөн болчу.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга 565 гектар жер бөлүп берүү чечими кабыл алынганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Нарын районун тургундарына таандык 400 гектардан ашык жер ГЭС курууга берилет
Премьер-министр Темир Сариев бул токтомду кабыл алуу өтө зарыл экенин белгилеп, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууну мамлекет үчүн маанилүү долбоорлордун бири деп атады.

Анын айтымында, ГЭСтер каскадын курууга буга чейин үчүнчү этап менен 1338 гектар жер бөлүп берилген. Эми төртүнчү этап менен 565 гектар бөлүп берилген соң Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курулуш иштерин үзгүлтүксүз улантууга жол ачылмакчы.

"Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу мамлекетибиз үчүн керек. Август айында Нарын облусуна иш сапарымдын жүрүшүндө "Русгидро" ишканасынын жана жергиликтүү эл менен бул маселе талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилген. Мына ушул тапшырманын негизинде ГЭСтер каскадын куруу боюнча жер тилкелер бөлүндү. Эми Россиялык "Русгидро" компаниясы 12 миллиард рублди которуп, иш активдүү уланышы керек ", — деди Сариев.

Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиеванын маалыматына караганда, 2015-жылдын сентябрь айындагы жер тилкелеринин менчик ээлери менен Орток, Дөбөлүү жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жана өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ортосунда түзүлгөн жеке менчикте турган жерлерди которууга менчик ээлеринин макулдуктары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0