Ысык-Көлдөгү төрөткананын кызматкерлери адам сатууга шектелүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмиздик жана акча кармаган адам. Архив
Эмиздик жана акча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медайымдар жаңы көз жарган келин менен сүйлөшүп алып, ымыркайды Россиянын жаранына сатышкан.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Барскоон айылындагы төрөт үйүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин 124-беренеси (адам сатуу) боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

Быйыл 14-августта Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылындагы төрөт үйүнө кош бойлуу келин келип түшүп, кыз төрөгөн. Жаңы көз жарган келин төрөт үйүнүн медайымдары менен сүйлөшүп, баласын Россиянын жаранына 50 миң сомго саткан. Бардык документтер мыйзамсыз жасалганы да аныкталган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0