Бишкектин айрым райондорунда газ өчүрүлөт

Жазылуу
Көгүлтүр от орточо басымдагы газопроводдордогу газ чыккан жерлерди оңдоо иштеринен улам үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин өчүрүлөт.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Кызматкерлер труба сваркалап жатышат. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 300 чакырым газ түтүктөрү орнотулат
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от орточо басымдагы газопроводдордогу газ чыккан жерлерди оңдоо иштеринен улам үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин өчүрүлөт. 

Ишкананын билдирүүсүндө, борбор калаанын Жаш гвардия бульвары, Жибек Жолу проспектиси, Алматы көчөсү, Чоң Чүй каналы менен чектешкен жана Орозбеков, Чоң Чүй каналы, Дзержинский, Боталиев көчөлөрүнүн чектешкен жерлеринде беш күн бою газ болбойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0