Зилалиев: Бел-Алма кени боюнча мамлекеттик органдарга коңгуроо кактык

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр казуу иштери. Архив
Көмүр казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат каражаттарында Баткендеги Бел-Алма кенин чалгындоого гана укугу бар "Беш Арча" компаниясы көмүр казуу иштерин баштап, аны сатып жатканы айтылган.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик кен иштетүү боюнча лицензия алган компаниялардын милдеттерин кылдат көзөмөлдөп жатканын, эреже бузуулар аныкталса тийиштүү органдар кабардар болорун аталган мекеменин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Талды-Булак көмүр кенин "Кыргызалтын" чалгындайт
Маалымат каражаттарында Баткен облусунун Майдан айыл өкмөтүндөгү Бел-Алма көмүр кенинде геологиялык чалгын жүргүзүүгө гана укугу бар "Беш Арча" ишканасынын унаалары кенден көмүр ташып чыгып жатканы тууралуу видео маалымат пайда болгон. 

Зилалиевдин айтымында, ал видео материалдар менен таанышкан, бирок дал ушул этапта бул таяна турган ишенимдүү факт катары каралбайт.

"Биз ИИМ жана Баткен облусу боюнча экологиялык-техникалык инспекцияга иштин чоо-жайын териштирип берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Алар өз жыйынтыктарын бергенден кийин компания менен катуу сүйлөшөбүз", — деди ал.

Зилалиев мыйзам бузуу аныкталса, компаниянын лицензиясы алынып, каражаты кайтарылбай турганын кошумчалады. Мындан тышкары, кен жайгашкан Майдан айыл өкмөтүнүн жетекчилиги Геология агенттигинин өкүлдөрү менен жолугуп, катталган мыйзам бузуулар жөнүндө айтып берүүнү көздөп жатышат.

Кен казуучу жүк автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зилалиев: кен казууга укук берүүчү сынак ачык-айкын өтөт
"Беш Арча" компаниясы май айында Баткендеги көмүр кенин геологиялык чалгындан өткөрүү укугун утуп алган. 

Бел-Алма көмүр кени Баткендин Кадамжай районунда жайгашкан. Ага чейин аталган кенди "Жаңы-Доор" компаниясы иштетип келген. УКМКнын маалыматы боюнча, 2012-жылдын башынан тарта 2014-жылга чейин аталган компания жасалма лицензия менен мыйзамсыз көмүр казып келген. Бул убакыт аралыгында ишкана 45 миллион сомго бааланган 5 миң 771 тонна көмүр казып алууга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0