Каттоо кызматы: тизмеге кирбей калган адамдардын саны кыскарууда

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүШайлоо тизмесин текшерүү. Архив
Шайлоо тизмесин текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайлоочулардын жыйынтык тизмесине 2 миллион 757 миң адам кирди. Алардын саны дагы жогорулашы мүмкүн, анткени, Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын маалымат базасын күнүгө жаңыланып турат.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Биометрикалык маалымат тапшырып, бирок шайлоочулардын тизмесине кирбеген жарандардын саны күндөн-күнгө кыскарып жатканын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

20-сентябрда жалпы республика боюнча биометрикалык маалымат кабыл алуу убактылуу токтотулду. Жеке маалыматын чет жерде жашагандардын эске алуу менен 2 миллион 849 миң 543 адам тапшырды. 

Маалыматка ылайык, буга чейин биометриядан өтүп добуш берүү укугуна ээ жарандардын 30 пайызы өзүн шайлоочулардын алдын ала тизмесинен таппай жатканы айтылган.

"Шайлоочулар тууралуу бардык маалымат жалпы базага жүктөлөт. Учурда тизмеде 2 миллион 757 адамдын маалыматы катталган. Жарандардын биометриясы тууралуу маалымат бардык жабдыктан көчүрүп алынбагандыктан, айрымдар өзүн тизмеден таппай калып жатышты", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга биометрия тууралуу маалыматты Бишкекке, Мамлекеттик каттоо кызматына жабдуу менен кошо жеткирген Баткен облусу мисал болот.

"Бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматы акыркы деп эсептеген тизмени Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет", — деп айтылат маалыматта.

БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров комиссия каттоо кызматы менен тизменин кандай болушу керектиги тууралуу көпкө чейин талашып-тартышканын Sputnik агенттигине айтып берди.

"Бул тизме сапаттуу болду деп ишенем. Эгер андай болбосо, биз аны кайра кайтарууга укуктуубуз", — деди ал.

2015-жылдын 4-октябрында өтө турган парламенттик шайлоодо жарандар биометрикалык маалыматтын негизинде добуш беришет. Жеке маалымат чогултуу жараяны былтыркы жылдын август айында башталган. 20-сентябрга карата биометриядан өткөн жарандардын саны 2,8 миллионду түздү. Жеке маалыматын тапшырбаган жарандар шайлоого катыша албайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0