Талды-Булак көмүр кенин "Кыргызалтын" чалгындайт

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүКөмүр казуу. Архив
Көмүр казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукциондун баштапкы баасы 6 миң 965 доллар болчу. "Кыргызалтын" ишканасы 206 миң доллар сунуштап, чалгындоо укугуна ээ болду.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Жумгал районунуна караштуу Көк-Мойнок кениндеги Талды-Булак көмүр участогу үчүн аукцион өтүп, аймакка геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү укугун "Кыргызалтын" ишканасы утуп алды. 

Сариев: "Талды-Булак Сол Жээктен" жыл аягына чейин 1 тоннага жакын алтын алынат
Маалыматка ылайык, аукцион бүгүн, 25-сентябрда райондук администрациянын имаратында болду. 

Баштапкы баасы 6 миң 965 доллар болгон аукциондо "Кыргызалтын" ишканасы 206 миң доллар сунуштап, чалгындоо укугун алды.

Аукционго "Кыргызалтын" ишканасынан тышкары, "Сан-ресорсес" жана Urakai Coal company компаниялары катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0