Эртең премьер Сариев Сулайман тоосунда жыйын өткөрөт

Жазылуу
Ош шаарында өкмөт мүчөлөрү толук курамы менен катыша турган көчмө жыйында маанилүү бир топ чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарында өкмөттүн көчмө жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн кышка даярдыгы, Жогорку Нарын каскадына ГЭСтерди курууга жер бөлүү туурасындагы маанилүү делген бир топ меселелер талкууланат. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов Sputnik маалымат агенттигине билдирди. 

Анын айтымында, Ош шаарында жыйында абдан маанилүү чечимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө. 

"Көчмө жыйында өлкөнүн 2015-2016-жылдардагы кыш-күз мезгилине даярдык, экинчи маселе — Жогорку Нарын каскадына жер бөлүү туурасындагы маселе, тактап айтканда, 4-баскыч менен 565 гектар жерди бөлүү каралат. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү маселелердин бири",— деди Асанов.

Маалымат катчы Чоң-Алай – Кытай газ өткөргүч түтүктөрүн курууга жер участокторун бөлүү боюнча чечим кабыл алынары күтүлүп жаткандыгын билдирди.

"Мындан сырткары, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жасалып жаткан иштер талкууланат. Бул аймактар үчүн абдан маанилүү. Алыскы чек ара аймактарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча өкмөт буга чейин иш-чаралардын бир катар пландарын, программасынын иштеп чыккан",— деди Асанов. 

Ошто эгемендүүлүк күнү менен элди өкмөт башчысы Темир Сариев куттуктайт
Көчмө жыйындын жүрүшүндө премьер-министр Ош шаарындагы инфраструктуралык долбоорлор — курулуп жаткан жолдор менен таанышып, "Сулайман-Тоо" этнографиялык комплексиндеги абал боюнча аталган жайдын музейинин имаратында жыйын өткөрөт.

Буга чейин Сариев премьер-министрлик кызматка киришип жатканда түштүк борбор катары Ош шаарына көңүл бурууга жана өкмөттүн жыйындарын өткөрүүгө  убадасын берген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0