Кара-Сууда эшектердин табылышы боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековПапка с надписью "Дело". Архивное фото
Папка с надписью Дело. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ветеринардык кызмат эшектерди Кытайга ташып кетүүгө эч кандай уруксат кагаз бербегендигин айтты.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда экспортко даярдалган деген эшектер табылган факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, кылмыш иши "мыйзамсыз ишкердүүлүк жүргүзгөн" деген берене боюнча козголду.

Өткөн аптада Оштун Кара-Суу районуна караштуу Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагын текшерген учурда кыргыз-кытай биргелешкен ишканасы тарабынан акыркы алты күндүн ичинде аймактан ар бири 2000 сомдон 132 эшек сатып алынгандыгы, аларды Кытайга экспорттоо планы маалым болгон. 

"Кыргыз-Кытай биргелешкен ишкана жетекчилиги учурда шаарда жоктугуна таянып, бизге эшектерди экспортко чыгаруу боюнча расмий документтерди көрсөтө элек. Учурда "мыйзамсыз ишкердүүлүк жүргүзгөн" деген берене боюнча кылмыш иши козголду. Ишкана өкүлү тийиштүү кагазы бар деп жатат. Ал эми Ветеринардык инспекция эшектерди алып чыгып кетүүгө эч кандай уруксат бербегендигин расмий билдирди", — деди Ашырбаев.

Сарайда камалган эшек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эшектер Ош шаарына кантип келип калганын милиция иликтеп баштады
Тергөө учурунда аталган ишкана өкүлдөрү эшектерди эки айдан бери сатып алып жаткандыгын билдиришкен. 

Ашырбаев мындай фактылар туурасында республика боюнча сурам жиберилгендигин, учурда Ош аймагында да текшерүү иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

Буга чейин Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Жаңы-Жер, Арашан айылдарында жана Нарындын Кочкор районунун аймагында эшек эттери табылып, ал коомдун нааразычылыгын жараткан. Биринчи факт боюнча атайын комиссия түзүлүп, кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0