Аксы районунда кара өрүктүн баасы 24 сомго чейин чыкты

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүВетка сливового дерева. Архивное фото
Ветка сливового дерева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мундуз айылында быйыл кара өрүктүн түшүмү жакшы болду.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Аксы районунун Мундуз айылында быйыл кара өрүктүн түшүмү жакшы болуп, баасы да 24 сомго чейин чыкканын жергиликтүү тургун Гүлбарчын Ташбаева билдирди.

"Быйыл кайналынын (авт. кара өрүк) түшүмү да, баасы да жакшы болду. Биз эле 60 ящик терип саттык. 500 килограммдай кургатып койдук. Буюрса, бир тоннага чейин кургатып алабыз деп жатабыз. Азыр кургатылган кайналынын килограммы 120 сомдон сатылууда", — дейт жергиликтүү тургун.

Мундуз айылы тоонун түбүндө жайгашкандыктан жазында тоодон козу карын терип сатышат. Андан тышкары, ит мурун да чогултушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0