Эртең Бишкекте окумуштуулар маалыматтык технология кɵйгɵйлɵрүн талкуулайт

© Фото / Jeroen BenninkКомпьютер клавиатурасы. Архив
Компьютер клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференцияга Россия, Казакстан, Ɵзбекстан жана Кыргызстандын ири окумуштуулары катышат.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Улуттук илимдер академиясында "Башкаруунун жана маалыматтык технологиялардын кɵйгɵйлɵрү" деп аталган II Эл аралык конференция өтөт деп билдирди аталган мекеменин маалымат кызматы.

Маалымат системасын автоматташтырууда Кыргызстан Грузиядан тажрыйба алат
Эл аралык иш-чара Кыргызстандын Улуттук Илимдер академиясынын Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун 55 жылдык мааракесине арналат. 

Конференцияга Россия, Казакстан, Ɵзбекстан жана Кыргызстандын ири окумуштуулары катышып, аталган темада талкууларды өткөрөт.

Конференцияда Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, Автоматика жана маалыматтык технологиялар институтунун жетекчиси Жаныбек Шаршеналиев жана бир топ окумуштуулар доклад жасамакчы. 

Жаңылыктар түрмөгү
0