Сариев: Курман айт ыйман менен гумандуулуктун баалуулуктарын камтыган ыйык майрам

Жазылуу
Премьер-министр Курман айтты жакшы ниет жана илгери үмүт менен тосушуна тилектеш экенин белгилеп, ар бир адамга, үй-бүлөгө тынчтык, бакубат жашоо жана бакыт каалады.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Курман айт ыйман менен гумандуулуктун зор баалуулуктарын камтыган ыйык майрам экенин премьер-министр Темир Сариев өз куттуктоосунда билдирди.

Бүгүн жалпы мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп, курмандык чалынат.

"Бул майрам адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөп келет. Курман айтты белгилеп жатып мамлекетибизде жашаган ар улуттагы мекендештерибиздин биримдиги, ынтымагы бекемделип, достук мамилелери күчөп, бир туугандык сезимдери чыңалат", — деди Сариев өз куттуктоо сөзүндө.

Премьер-министр Курман айтты жакшы ниет жана илгери үмүт менен тосушуна тилектеш экенин белгилеп, ар бир адамга, үй-бүлөгө тынчтык, бакубат жашоо жана бакыт каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0