Муфтият: курмандыкка чалынган малды сүрөткө тартып алып мактанбаш керек

Жазылуу
Курмандыкка чалына турган мал кудайга багышталарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Фатва бөлүмүнүн адиси Жигитали Исмаилов баса белгиледи.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Курман айтта союла турган малды сүрөткө тартып алып, аны башкаларга көрсөтүп, социалдык тармактарда мактанууга болбой турганын КР муфтиятынын Фатва бөлүмүнүн башкы адиси Жигитали Исмаилов Sputnik агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эгер курмандык чалган киши аны мактануу иретинде башкаларга көрсөтсө, бул дин адебине туура келбеген иш болот.

"Орозо, битир-садага, ажылык сыяктуу эле курмандык да ибадат болуп эсептелет. Аны башкалар көрсүн, башкалар билсин деп жасоо осол болот. Бирок, башкалар да курмандык чалып, муктаж адамдарга жардам берсин деген максат менен жасалса, анда уруксат", — дейт Исмаилов.

Быйыл курман айт 24-сентябрга туура келди. Бул майрам Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн соң белгиленет.

Курман айтта кандай малды курмандыкка чалса болот?
Курмандыкка чалына турган семиз малдын баасы өлкө аймагында дээрлик бирдей. Мисалы, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында союуга жарай турган семиз кой жети миң сомдон башталат. Ал эми бодо малдын жакшысын 45 миң сомдон өйдө сатып алса болот.

Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында деле курмандыкка чалууга жарай турган семиз кой, кочкорду 7-8 миң сомго алса болот. Эти толук уй, букалар 50 миң сомдон башталат. 

Буга чейин Казакстандын муфтийи курмандыкка чалынган малды сүрөткө тартып алып, социалдык тармактарда мактануу адепке туура келбей турганын билдирген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0