Кыргызстандык зыяратчылар Минада ажылык милдеттерди аткарышат

© flickr.com / Francisco OsorioМонмартре шаарында. Архив
Монмартре шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылык сапарга аттангандар Муздалифага барып, шайтанга ыргытуу үчүн таш теришери күтүлүүдө.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстандык зыяратчылар Мина өрөөнүнө келип, Сауд Аравиясынын ажылык министрлиги бөлүп берген жайларда жайгашканын КРнын мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. 

Муфтият: учурда Медина шаарына 1600 зыяратчы жеткирилди - Sputnik Кыргызстан
Муфтият: учурда Медина шаарына 1600 зыяратчы жеткирилди
Маалыматка ылайык, ажылар бүгүн, 23-сентябрь күнү Арафатка сапар алышмакчы. Андан соң зыяратчылар Муздалифага барып, шайтанга ыргытуу үчүн таш теришери күтүлүүдө. 

Ажылык амалдарын аткаруу үчүн жөнөп кетишкен кыргызстандыктар Минада үч күн ажылык милдеттерин аткарышат.

Быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга ажылык сапарга 3685 орундук квота бөлгөн. Ажыдан мусулмандар 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин кайтып келишет. Ал эми ажылык сапардын баасы 2550 долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0