Ниязалиева: өнүккөн мамлекеттик тил менен гана күчтүү кыргыз мамлекети түзүлөт

Жазылуу
Кабыл алынган программалардын негизги максаты — мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга шарт түзүү, эне тилин, мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын жаңы муунун өстүрүү болуп саналат.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү менен гана туруктуу, уникалдуу салт-санааларды, үрп-адаттарды, жаратылышты сактаган күчтүү кыргыз мамлекети түзүлө турганын вице-премьер Дамира Ниязалиева Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанатта билдирди.

Анын айтымында, "2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы" кабыл алынып, мамлекеттик тил саясатын өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттар аныкталган.

"Кыргыз тили – кыргыз улутунун гана эмес, кыргыз мамлекетинин эне тили. Мамлекеттик тилге мамлекеттик деңгээлдеги мамиле жана жогорку жоопкерчилик болушу керек", — деди Ниязалиева.

Аталган программалардын негизги максаты — мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө толук жана кенен колдонууга шарт түзүү, анын бириктирүүчү ролун күчөтүү жана эне тилин, мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын жаңы муунун өстүрүү болуп саналат.

"Азыркы ааламдашуу заманында тилди өнүктүрүү иштерин интернет булактары аркылуу жүргүзүшүбүз абзел. Интернетти кыргызчалоо, кыргыз тилинде сапаттуу электрондук продукция чыгаруу жагын тезинен колго алышыбыз керек. Бул жаатта бир топ иштер жүргөнү менен жетишсиз экенине күбө болуудабыз, — деди вице-премьер.

Мамлекеттик тил күнү Кырыгзстанда 1989-жылдан тарта белгиленип келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0