Маматалиев: шайлоо учурунда мыйзамсыз аракеттерге кескин чаралар көрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-премьер-министр Маматалиев Абдырахман. Архив
Вице-премьер-министр Маматалиев Абдырахман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер саясий партияларга колдоо көрсөткөн мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алына турганын белгиледи.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Шайлоо учурунда бардык мыйзамсыз аракеттердин жолу кескин буула турганын вице-премьер Абдырахман Маматалиев Координациялык кеңеште билдирди.

ЕККУнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕККУнун парламентарийлери Кыргызстандагы шайлоого байкоо салат
Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-сентябрда шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү учурунда тартипти камсыздоо маселелерине арналган Координациялык кеңештин жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага катышкан укук коргоо органдарынын, күч структураларынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып жатып, вице-премьер шайлоо учурунда күтүүсүз окуялардын алдын алуу жана ага каршы бирдиктүү чара көрүү ыкмалары даяр болушу керектигин белгиледи.

"Күч органдары шайлоо учурунда бардык мыйзамсыз аракеттерди болтурбоого болгон күчүн жумшашы зарыл", — деди чиновник.

Маматалиев мындан тышкары, кайсы бир саясий партияга колдоо көрсөткөн мамлекеттик органдардын кызматкерлерине карата жумуштан алууга чейинки чаралар көрүлө турганын баса белгиледи.

"Айрым күчтөрдүн абалды дистабилдештирүүсүнө жол бербөө максатында укук коргоо органдары тийиштүү иш-чараларды өткөрүүгө тийиш", — деп билдирди вице-премьер.

Жыйын аягы менен Маматалиев Бишкекте шайлоочулардын саны көп экенин, коомдук тартипти жана туруктуу абалды сактоого мамлекеттик органдар жоопкерчилик менен мамиле жасашы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0