Мэрия жер басып алуучуларды мыйзамсыз курулуштарды алып салууга милдеттендирди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Департаменттин буйругун аткаруу максатында мыйзамсыз курулган эки дарбазаны үй ээлери өз ыктыяры менен түрттүрүп салышты.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жеке турак-жай курулуш департаменти тарабынан Шералиев жана Скрябин көчөлөрүндө жеке жактардын муниципалдык аянттын эсебинен жер тилкесин кеңейтип алган фактылары аныкталганын Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Көчөнү тосо курулган чоң үйдүн короосунун дубалын мэрия түрттүрүп салды
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда аталган жер ээлеринин өзүмбилемдик менен чоңойтуп алган жер тилкесине карата эч кандай документи болбогондугу аныкталды. 

Департамент тарабынан жер тилкелеринин ээлерине мыйзамсыз курулуштарды алып салуу боюнча буйрук берилди.

Мунун натыйжасында турак жай ээлери шлакоблоктон курулган эки дарбазаны түрттүрүп, аталган жер тилкелерин баштапкы абалына келтиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0