Новосибирскинин бийлиги Ысык-Көлгө түз авиакаттам ачылуусуна кызыкдар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНовосибирск шаарында аэропорттогу учак. Архив
Новосибирск шаарында аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлдүн туризми Новосибирскинин жашоочуларын өтө кызыктырат жана Новосибирск — Ысык-Көл түз каттамын ачууну колдойбуз деп билдирди Валерий Городецкий.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Новосибирскинин бийлиги Ысык-Көлгө үзгүлтүксүз түз авиакаттамын ачууга кызыкдар деп билдирди Бишкекте өтүп жаткан аймактар аралык кыргыз-орус IV конференцияда аталган облустун губернатору Валерий Городецкий.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Новосибирск облусун абалкы жана тыгыз кызматташуу байланыштырып келет. 

"Бишкек менен Оштон Новосибирскиге мурдатан эле авикаттам ачылган, Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн Ысык-Көл облусу менен бекем транспорт байланышын түзүү керек. Көлдүн туризми биздин аймактын жашоочуларын өтө кызыктырат жана аталган Новосибирск — Ысык-Көл түз каттамын ачууну колдоого даярбыз", — деди губернатор. 

Ал аталган аймакта 12 миллиондон ашуу адам жашай тургандыгын жана транспорттук түйүн эки облустун өз ара байланышын жакшыртаарын айтты. 

Эл аралык иш-чара ЕАЭБ алкагында эки өлкөнүн аймактарынын ортосунда соода-экономикалык карым-катнаштарды мындан ары да чыңдоо максатында өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0