БШК "Азаттык" партиясын балдар тартылган баннерлерди алып салууга милдеттендирди

© Sputnik / Табылды КадырбековМальчик сидит возле лужы. Архивное фото
Мальчик сидит возле лужы. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы эскертүү "Азаттык" партиясына гана багытталганын, башка партиялардын балдардын сүрөтү бар баннерлерине анын тиешеси жок экенин белгилейт.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы "Азаттык" саясий партиясын жашы жете элек балдардын сүрөтү жайгашкан үгүт баннерлерин алып салууга милдеттендиргенин БШК билдирди.

Журналга жазып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК 6 партияга үгүт өнөктүгүндөгү эреже бузуулар үчүн эскертүү берилди
Маалыматка ылайык, "КР президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамы боюнча добуш берүүгө үндөө үчүн балдарды үгүт өнөктүгүнө пайдаланууга тыюу салынат.

Буга чейин БШК бул тууралуу "Азаттык" саясий партиясына кат түрүндө эскертүү берген.

Борбордук шайлоо комиссиясы эскертүү "Азаттык" партиясына гана багытталганын, башка партиялардын балдардын сүрөтү бар баннерлерине анын тиешеси жок экенин белгилейт.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоого 14 саясий партия аттанды. Учурда талапкерлердин үгүт өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Иш-чара 3-октябрга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0