Муфтий Кыргызстандын мусулмандарын келе жаткан айт майрамы менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековМаксатбек ажы Токтомушев айт намаз учурунда. Архив
Максатбек ажы Токтомушев айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул күндөрү жетим-жесирге, кары-картаңга, жалпы эле муктаж болгондор менен майыптарга берилген жардамдар жүрөктү кубаныч менен шүгүрчүлүккө толтуруп, улуу сезимдерге жетелейт деди муфтий Токтомушев.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кыргызстандыктарды келе жактан Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

"Улуу Курман айт майрамы менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм. Эзелтен эле бул майрам тынчтык, биримдик, боорукердик жана өз ара колдоо көрсөтүү сыяктуу адамдык баалуулуктарды бекемдеген мусулмандардын чоң майрамы. Курман айт биздин өлкөдө эгемендүүлүкө жеткен күндөн тартып чыныгы орду менен белгилене баштады десем болот", — деп айтылат тараткан маалыматта. 

Муфтий бул майрам коомдогу маданий жана руханий баалуулуктардын өнүгүүсүнө, тынчтык менен ынтыкмактын бекемделишине өз салымын кошуп келерин кошумчалаган. 

"Ушул күндөрү жетим-жесирге, кары-картаңга, жалпы эле муктаж болгондор менен майыптарга берилген жардамдар жүрөктү кубаныч менен шүгүрчүлүккө толтуруп, улуу сезимдерге жетелейт", — деди муфтий Токтомушев. 

Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы Курман айт майрамы 24-сентябрда белгиленерин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0