Президент Атамбаев БАЭ премьерине уулунун кайтыш болгонуна байланыштуу көңүл айтты

© REUTERS / HANDOUTРашед бен Мухаммед Аль Мактуманы жерге берүү.
Рашед бен Мухаммед Аль Мактуманы жерге берүү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шейх Рашид бин Мухаммед Аль Мактум 34 жаш курагында өткөн аптанын соңунда жүрөк оорудан көз жумду.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб эмирлигинин вице-президенти жана премьер-министри Мухамед Бин Рашид Аль Мактумга уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.

Шейх Рашид бин Мухаммед Аль Мактум өткөн аптанын соңунда жүрөк оорудан көз жумду. 

"Орду толгус оор жоготууга учурагандыңызга байланыштуу сизге жана сиздин жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп белгиленет мамлекет башчысынын телеграммасында.

34 жаштагы шейх Рашид Дубайдын башкаруучусунун 22 баласынын экинчиси болчу.

2008-жылдан тарта эки жыл бою БАЭ Улуттук олимпиада комитетин жетектеген. Андан кийин мамлекеттик кызматтан четтеп, ишкердик менен алектенген. Forbes журналы шейхтин байлыгын 1,9 миллиард долларга баалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0