Жумгалдагы окуучунун өлүмүнүн себебин иликтөө Дамира Ниязалиевага тапшырылды

Жазылуу
Сариев мектеп окуучуларынын өлүмүнө алып келген мындай окуяларга жол бербөө зарылдыгын айтты.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жумгал районундагы мектеп окуучусунун өлүмүнө алып келген окуяны тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди деп билдирди өкмөттүн маалымат кызматы. 

Сариев окуучунун өлүмүн териштирүүнү социалдык тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер Дамира Ниязалиевага тапшырды.

"Бул окуя боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлүп, окуянын себептери жана ага жооптуу адамдар аныкталышы зарыл", — деп билдирди маалымат кызматы.

Сариев мектепте мындай окуялардын орун алышына жол бербөө зарыл экендигин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0