Мэрия жолдордун оңдолушу боюнча тургундардын пикирин угууга даяр

Жазылуу
Шаардык муниципалитет шаар тургундарынын ар бир сунушу, айткан сын-пикири эске алына турганын белгиледи.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаар тургундарын жолдордун оңдолушу боюнча пикир билдирүүгө чакырып жатканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкекте жакын арада жаңы таштанды челектер пайда болот
Быйыл "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын 30 көчөсүнүн аң-чөңдөрүн оңдоду. Калыбына келтирилген көчөлөрдүн толук тизмеси менен мэриянын сайтынан таанышууга болот.

Көчөлөрдүн аң-чөңдөрүнүн оңдолушу боюнча бардык сунуш, сын-пикирлерди (312) 62-58-18 телефону аркылуу билдирүүгө болот.

Шаардык муниципалитет бишкектиктердин ар бир айтылган көз жаздымда калбай турганына убада берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0