Караколдо баңгизатка каршы кызматтын Чыгыш башкармалыгы жаңы имараттуу болот

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы имаратта кезмет бөлүмү, убактылуу кармоочу жай, тергөөчүлөр менен кызматкерлердин кабинеттери жана кызматтык унааларды токтотуучу жай каралган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекеттик баңгизатка каршы кызматынын чыгыш башкармалыгынын жаңы имаратынын пайдубалы төптөлүп, ага вице-премьер Абдырахман Маматалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Укук коргоо жана аскер кызматкерлери үчүн Ошто 186 батир бөлүнөт
Курулуш БУУнун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы программасынын алкагында жана түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.

Маматалиев жаңы имараттын салынышы баңгизатка каршы кызматтын ишмердүүлүгүн жакшыртып, техникалык мүмкүнчүлүгүн арттырат деген пикирин айтты.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин келген меймандар административдик имараттын долбоору менен таанышып чыгышты.

Мамлекеттик баңгизатка каршы кызматтын Чыгыш башкармалыгынын имараты 300 чарчы метер аянтка темир-бетон конструкциядан курулуп, бир кабаттуу болот. Анда кезмет бөлүмү, убактылуу кармоочу жай, тергөөчүлөр менен кызматкерлердени кабинеттери жана кызматтык унааларды токтотуучу жай каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0