Премьер БУУ өкүлү менен парламенттик шайлоо баш болгон бир нече маселени талкуулады

Жазылуу
Өкмөт башчысы кызматтык миссиясы аяктап бара жаткан КРдеги Бириккен Улуттар уюмунун туруктуу ɵкүлүнүн орун басары Шарма Прадипке ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстандагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Александр Аванесов менен жолугуп, бир топ маселелерди, анын ичинен шайлоо өнөктүгүн талкуулады.

Сариев саясий партиялардын лидерлери менен үгүт компаниясы боюнча пикир алышат
Жолугушууга Кыргызстандагы кызматтык миссиясы аяктаган Бириккен Улуттар уюмунун Туруктуу ɵкүлүнүн орун басары Шарма Прадип да катышты.

Маектешүү учурунда "жашыл" экономика, туруктуу ɵнүгүү, ɵлкɵдɵгү шайлоо процесси, билим берүү тармагы, күнɵсканаларды салуу талкууланды.

Сөз Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуу алкагындагы товар ɵткɵрүүчү тармактарды куруу боюнча долбоорлор туурасында да жүрдү. 

Сариев жолугушууда Шарма Прадипке Кыргызстандагы БУУӨП туруктуу ɵкүлүнүн орун басары кызматын аткаруу миссиясынын аякташына байланыштуу жасаган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0