Бишкектин айрым райондорунда 5 күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
Газ борбор калаанын Жаш Гвардия — Жибек Жолу — Алматы — ЧЧК жана Орозбеков — ЧЧК — Дзержинский — Боталиев көчөлөрүнүн аймагына берилбейт.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Бишкектин айрым көчөлөрүндө авариялык-калабына келтирүү иштеринен улам газ өчүрүлө турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, газ борбор калаанын Жаш Гвардия — Жибек Жолу — Алматы — ЧЧК жана Орозбеков — ЧЧК — Дзержинский — Боталиев көчөлөрүнүн аймагына берилбейт.

Жаратылыш газын берүү үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан тартып 26-сентябрына чейин токтотулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0