Ооруканадан чыгып дайынсыз кеткен жоокер бир жылдан бери изделүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын формасы. Архив
Улуттук гвардиянын формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сентябрь айында ага Бишкектеги №1 ооруканадан сокур ичегисин алдыруу боюнча операция жасалып, ден соолугуна байланыштуу өргүү берилген.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кызмат өтөө учурунда ооруканага жаткырылып, операциядан соң дайынсыз кеткен Мирлан Дүйшөнкул уулу изделип жатканын Коргоо министрлиги билдирди.

Жоголгон чек арачынын иниси: агамды сагынып жатабыз, көзү ачыктарга да бардык
Маалыматка ылайык, Мирлан 2014-жылдын май айынан баштап Улуттук гвардиянын 702-аксердик бөлүгүндө кызмат өтөп келген. Сентябрь айында ага Бишкектеги №1 ооруканадан сокур ичегисин алдыруу боюнча операция жасалып, ден соолугуна байланыштуу өргүү берилген. 

Дүйшөнкул уулу 9-октбярь күнү ооруканадан чыккан тейден дайынсыз болууда. 

Бул факт боюнча Улуттук гвардия кызматтык териштирүү жүргүзүп, материалдар Аскер прокуратурасына жөнөтүлгөн. 2014-жылдын ноябрь айында "Өз эрки менен бөлүктү же кызмат өтөгөн жерин таштап кетүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Коргоо министрлиги учурда жоокерди издөө иштери улантылып жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0