Кыргызстандын аймактары олимпиадалык күрөш килемдерин алышат

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүТурнир по борьбе в Грузии
Турнир по борьбе в Грузии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күрөш килемдеринен тышкары, аймактагы спорт залдар боксердук ринг жана штанга да алышы каралууда.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймактары үчүн олимпиадалык күрөш килемдери сатып алынганын Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Грек-рим күрөшү боюнча чемпионат мезгилинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балбан Арсен Эралиев Олимпиада оюндарына катышууга укук алды
Килемдерди сатып алуу чечимин агенттик жетекчилиги 2015-жылга карата өкмөт программасын аткаруу планынын негизинде жана күрөш менен машыккандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу кабыл алган.

Агенттиктин комиссиясы тарабынан 11 килем бардык облустарга бөлүндү. Алдын ала спорт залына анализдер жүргүзүлүп, килемдерге муктаж залдар аныкталган. 

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Шейшенкул Бакировдун айтымында, мамлекет региондордо спорттун өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулууда.

"Аймактар учурда спорт инвентарына абдан муктаж. Көп айылдардын спорт залдары аңгырап бош турат. Машыктыруучулар инвентардын жоктугунан жумушу жок отурушат. Бул күрөш килемдеринен Кыргызстандын келечектеги олимпиада чемпиондору өсүп чыгарына терең ишенем", — деди жетекчи.

Бакиров мындан тышкары, агенттик бокс рингдерин жана штанга сатып алып жатканын, алар дагы бир нече убакыттан кийин таратып берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0