УКМК: Нарындын Жол кайгуул кызматкерлерине кылмыш иши козголду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЖол кайгуул кызматкери. Архив
Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар 2014-жылы наркологиялык экспертизадан өтүп, мас абалында кармалгандарга карата түзүлгөн административдик укук бузуу протоколун жок кылышкан.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Нарын шаары жана Жумгал районунун ИИБ Жол кайгуул кызматтарынын эки инспекторуна кызмат абалынан пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0