БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Шаршемби күнү доллар менен евро болуп көрбөгөндөй чекке жетти: америка валютасынын расмий курсу 68,8 сом деп катталса, европаныкы 77,76 сомду чапчыды.
Кыргызстандын акча алмаштыруучу жайлары долларды 70,7 сомдон сатып алып, кайра 71 сом 50 тыйындан сатып жатышат. Бир сутканын ичинде аталган валюта 1,5 сомго кымбаттап кетти.
Евронун базар баасы да жогорулаганын байкоого болот — аны 79,3 сомдон сатып алып, кайра 80 сомдон сатышууда.