Эки кылмыш ишине тиешеси бар сот 80 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Жазылуу
Аталган сотко карата буга чейин да Ноокат районундагы муниципалдык менчиктеги жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алганы үчүн кылмыш жообуна тартылган. Анда Башкы прокуратуранын сотту жоопкерчиликке тартуу сунушун Соттор кеңеши четке каккан.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Токтогул райондук сотунун милдетин аткаруучусуна карата пара талап кылуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: 10 миң доллар пара берип жаткан жеринен "Аскер Курулуштун" башчысы кармалды
Маалыматка ылайык, аталган сот кылмышка жооптуу жарандарды түрмөгө отургузбастан, жеңил жаза чектөө тууралуу чечим чыгаруу үчүн балдардын атасынан 80 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган. 

Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери соттун айтуусу менен 80 миң сом пара алып жаткан жеринен адвокатты кармашкан.

Аталган сот буга чейин да Ноокат районундагы муниципалдык менчиктеги жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча чечим кабыл алганы үчүн кылмыш жообуна тартылган. Анда Башкы прокуратуранын судьяны жоопкерчиликке тартуу сунушун Соттор кеңеши четке каккан.

Мындан тышкары, анын эки гектар айыл чарба жерин жеке адамдарга чегерип берүү боюнча чечими боюнча козголгон кылмыш иши да азыр тергөөдө.

Аталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0