Мэрдин отчетунан кийин көйгөйлөрдү чечүү өтүнүчү дагы көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапалактын жашоочулары мэр менен жолугушууда таштанды челектерин орнотуу, бала бакчаларын куруу, электротрансформаторлорду алмаштыруу көйгөйүн көтөрүштү.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолугуп, сегиз ай ичиндеги отчетун берип, алардын тиричилик көйгөйлөрүн чечүүнъ убада кылды. 

Бала бакча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош: менчиктештирилген 46 бакчаны мамлекеттке кайтарып алуу аракети башталды
Иш боюнча берилген маалыматтан кийин, жергиликтүү эл дагы бир катар маселелерин айтышты. Алар таштанды челектерин орнотуу, бала бакчаларын куруу, электротрансформаторлорду алмаштыруу көйгөйүн көтөрүштү. 

Мэриянын маалымат кызматы учурда аталган аймактын Гүлбаар-Төлөйкан, Пятилетка жана Өзгүр айылдарында үч бала бакчанын курулушу жүрүп жаткандыгын билдирип, жакында эле Жапалактын Мамыров көчөсүндө дагы бир бала бакча пайдаланууга берилгендигин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0