Конституциялык палата: биометрия КР Баш мыйзамына туура келет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын Конституциясы. Архив
Кыргыз Республикасынын Конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Палатанын чечимине ылайык, жарандын жеке турмушу тууралуу маалыматты анын уруксатысыз чогултуу, сактоо жана жайылтуу улуттук жана жеке коопсуздук үчүн жасалат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Конституциялык палата "КР жарандарынын биометрикалык каттоодон өткөрүү жөнүндө" мыйзамы мамлекеттин Баш мыйзамына туура келет деген чечим чыгарганын аталган мекеме билдирди.

Биометрикалык маалыматтарды топтоо иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны 2,7 миллиондон ашты
Муну менен палата "Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын" төрайымы Токтайым Үмөталиева менен юрист Нурбек Токтакуновдун биометрикалык маалымат чогултуу мыйзамга каршы келет деген билдирүүсүн четке какты.

Палатанын чечимине ылайык, жарандын жеке турмушу тууралуу маалыматты анын уруксатысыз чогултуу, сактоо жана жайылтуу, башкача айтканда, биометрикалык маалымат чогултуу улуттук жана жеке коопсуздук үчүн жасалат.

Чечим кабыл алууда Конституциялык палата биометрикалык идентификация пайдаланылган чет мамлекеттердин тажрыйбасын эске алганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0