ЖАМК шайлоого карата күчөтүлгөн тартипке өтөт

Жазылуу
Шайлоо маалында аталган мекеме жаза өтөп жаткан жарандардын арасындагы тартип бузуулардын алдын алуу боюнча аракеттерин күчөтөт.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жеке курамы 18-сентябрдан 6-октябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнүн аталган мекеме билдирди.

Кызматкерлердин алдына парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү маалында коомдук тартипти, мыйзамдын сакталышын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ЖАМК бөлүмдөрүндө туруктуу абалды камсыздоо милдеттери турат.

"Шайлоо өнөктүгү учурунда мекеменин көзөмөл пункттарындагы өткөрүү тартибине өзгөчө көңүл бурулат. Мындан тышкары, жаза өтөө жайларында жана тергөө изоляторлорун үзгүлтүксүз тамак-аш менен камсыздоого басым жасалат", — деп айтылат билдирүүдө. 

Шайлоо маалында аталган мекеме жаза өтөп жаткан жарандардын арасындагы тартип бузуулардын алдын алуу боюнча аракеттерин күчөтөт.

Парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрына белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0