Кыргызстандык сүрөтчүлөр Айландын өлүмүн мазактагандыкты көр пенделик көрүнүш дешти

© AFP / PIERRE DUFFOURCharlie Hebdo газетасынын плакаты. Архив
Charlie Hebdo газетасынын плакаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда Шарли Эбдо журналынын Айлан бөбөктү карикатурага пайдалангандыгы кандай жактан алганда да туура эмес деген пикирлер айтылууда.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Франциянын чуулгандуу Шарли Эбдо журналынын мындан бир нече күн мурда сууга чөгүп өлгөн Айлан бөбөк боюнча тарткан карикатурасынын сыясы кургай элек. Бул боюнча пикирин билдирген кыргызстандык карикатурачылар муну көр пенделик көрүнүш жана пастык деп атады.

Шарли Эбдо сатиралык журналына чыккан карикатуралардын биринде Айлан "көздөгөн жерге аз эле калды" деген жазуу менен кумда жатат. Анын үстүндө кафенин "балдар үчүн эки тамак бир баа менен" деген жарнамасы илинип турат. Ал эми "Европа христиандык экенине далил" деп аталган экинчи карикатурада чөгүп бара жаткан баланын жанында сууну кечип турган Иисус Христос: "Христиандар суунун үстүнөн басып жүрөт. Мусулмандын балдары болсо чөгөт" деп жатканы тартылган.

Чектен чыккан кадамдар туурасында Кыргызстандык адистер бул адамдык сапатка жатпаган, көр пенделик көрүнүш экендигин айтышты. Атактуу юморист-карикатурист Кимбайке өлүмдүн үстүнөн карикатура эч убакта күлкү тартуулабайт деген пикирде. 

"Мен, мисалы, андайларды карикатурист деп эсептебейм. Алар кимдир бирөөнүн буйуртмасын аткарган жөнөкөй пенделер. Аларды менимче, ошол Иисус Христостун өзү жазалайт болушу керек. Кесипкөйлөр карикатураны эч убакта трагедияга аралаштырбайт. Бул жанрдын максаты — элге күлкү, шайыр-шат маанай тартуулоо да. Өлүмдүн үстүнөн эч убакта күлкү тартуулай албайсың. Ал кийин өзүңө таш болуп тиет", — деди Кимбайке. 

Ал эми Кыргызстан Сүрөтчүлөр cоюзунун төрагасы, художник Таалай Усубалиев орой катачылык, жана элдердин, диндердин ортосунда от жагуучулук деп баа берди. 

"Меним пикирим, бул жанр динди колдонбошу керек. Анын үстүнө, Иисус Христосту пайдалангандыгы туура эмес. Бирөөнүн динин мазактоого эч кимдин акысы жок. Ар кимдин башына ар кандай кырсык келет. Бул өз кесибин билбегендиктин жана пастыктын белгиси. Кечээ эле жаралган басылманын канчалаган кылымдардан бери келе жаткан  маданиятты, динди, ишенимди тебелегени, каалаганымды кылам дегени туура эмес. Бул демократия да эмес, бул эркиндик да эмес, бул орой катачылык, наадандык. мындай кадам элдердин, диндердин ортосуна от жагат", — деди Усубалиев.

Charlie Hebdo журналы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чөгүп кеткен сириялык бөбөктүн карикатуралары үчүн "Шарли Эбдону" сотко беришмекчи
Айлан наристе сентябрдын башында ата-энеси, бир тууганы жана башка качкындар менен Европага багыт алган. Анда кайык оодарылып кетип, бала деңизге чөгүп өлгөн. Айландын жансыз денесин жээкке көтөрүп келе жаткан түрк куткаруучусунун сүрөтү бардык дүйнөлүк ЖМКларга чыгып, эч бир адамды кайдыгер калтырган эмес. 

Үстүбүздөгү жылдын январында Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатурадан кийин Францияда Шарли Эбдо редакциясына куралдуу кол салуу болгон. Эки кылмышкер редакцияга кирип барып, ал жердегилерге ок чыгарышкан. 12 адам, анын ичинде эки полиция кызматкери курман болуп, кылмышкерлер из жашырып кеткен. Бул боюнча дүйнөнүн бардык жеринде нааразчылык иш чаралары өтүп, андан Кыргызстан да четте калган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0