Бишкек мэриясынын жумушчуларына карата 1,5 жыл ичинде 20 кылмыш иши козголгон

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынин мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынин мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын бир катар бөлүмдөрүнө карата кылмыш ишин козгоого унаа бөлүктөрүнүн баасын жасалма жогорулатуу, документтерди жасалмалоо, күйүүчү майдын эсептен чыгаруу себеп болгон.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Финансы полициясы 1,5 жыл аралыгында "Тазалык", "Бишкек жүргүнчү автоунаа ишканасы", "Зеленстрой" ишканаларына, мэриянын менчик курулуш жана капиталдык курулуш башкармалыктарына карата 20га жакын кылмыш ишин козгогонун шаардык муниципалитет билдирди.

Мэрия "Тазалыктын" жумушчуларына 12 кылмыш ишин козготту
Мыйзам бузуулар курулуш иштерин жасоодо, унаа тетиктерин сатып алууда, ирригациялык курулуштарды тазалоо, күйүүчү майды мыйзамсыз эсептен чыгаруу, муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүү жана тийиштүү уруксатсыз курулуштарды курууда аныкталган.

Мындан тышкары, кылмыш ишин козгоого ижара акысын жасалма төмөндөтүү, фиктивдүү тендерлерди өткөрүү жана ЖОЖ аяктоо боюнча жасалма документ берүү себеп болгон.

Мэрия аталган кылмыш иштери учурда тергөөдө же сотко жөнөтүлгөнүн белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0