Британиялык элчи Максим Бакиевди кылмыш жообуна тартууга көмөктөшөрүн билдирди

© пресс-служба ЦАРИИ КР / Медиабанкка өтүүМаксим Бакиев. Архив
Максим Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Робин Орд-Смит Улуу Британия Кыргызстан менен кызматташууга дилгир экенин белгилеп, Максим Бакиевге байланыштуу маселени чечүүдө өз күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев англиялык тарапты мамлекеттик жооптуу кызматта туруп, мыйзамсыз жол менен мамлекеттин, элдин каражатын жеке өзүнө ыйгарып алганы үчүн сыртынан соттолгон Максим Бакиевди кылмыш жообуна тартууда көмөктөшүүгө чакырды.

Сот жыйынында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдин катчысы Малеванаянын иши сотко өттү
Бул тууралуу өкмөт башчы Улуу Британиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смитти кабыл алуу учурунда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлайт.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору, ошондой эле дүйнөдөгү коопсуздукка байланыштуу жана экстремизм, терроризмге каршы күрөш маселелери талкууланды.

Сариев Улуу Британия Кыргызстандагы парламенттик демократиянын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүп келе жатканын белгилеп, бул жааттагы кызматташууну улантууга кызыкдарлыгын билдирди.

Өз кезегинде Робин Орд-Смит Улуу Британия Кыргызстан менен кызматташууга дилгир экенин белгилеп, Максим Бакиевге байланыштуу маселени чечүүдө өз күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0